Биз менен байланышыңыз

Парламенттин төрагасы билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 206 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бала бакча менен мектептерди өзүнчө, жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүүнү сунуштады.

Мындай пикирин ал 20-мартта Улуттук илимдер академиясында сөз сүйлөп жатып айтты.

«Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Чоң жүктүн баарын бир министрликке илип коюп, мекеме тийиштүү деңгээлде иш алып бара албай жатат. Кандай гана “алтын баштуу” министр келбесин иш алдыга жылбайт. Биз муну жеңилдетишибиз керек.

Мисалы, мектепке чейинки билим менен мектепти өзүнчө агартуу министрлиги деп түзүшүбүз керек, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген жаңы министрлик түзүлүшү керек деп эсептейм. Ошондо гана биз реформа жасаган болобуз» , — деди спикер.

Жогорку Кеңештин төрагасы Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, ошондой эле Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM