Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Райондук сот 20-марттагы чечими менен айыпталуучу Кубанычбек Кадыровго карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, 20-майга чейин, соттук териштирүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин үй камагына чыгарды.
19-мартта райондук соту «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу дагы бир айыпталуучу Бектур Асановго Түркияга барып, дарыланып келүүгө уруксат берген.
Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 27 адамдын 12си үй камагына чыккан, калгандары абакта.