Биз менен байланышыңыз

Айыпталуучу Асановго Түркияда дарыланып келүүгө уруксат берилди

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 113 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу айыпталуучу Бектур Асановго Түркияга барып, дарыланып келүүгө уруксат берди.

Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 19-мартта кабарлады. Ал 19-апрелге чейин кайра келиши керек.

Буга чейин Бектур Асановго эч жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы колдонулган. Жактоочу аны өзгөртүп, өлкөнүн сыртына чыгып, дарыланып келүүгө уруксат сураган.

Бектур Асановго Улуттук госпиталда моюн омурткасына операция жасалган. Кийин аны №31 түзөтүү колониясына которушкан.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда кармалгандардын 12си камакта. Калгандары үй камагына чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM