Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кыргыз тили санариптик дүйнөдө кеңири тарала электигине тынчсызданат

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 84 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров OpenAI компаниясынын вице-президенти Арка Дар менен жолукту. Анда Жапаров өкмөт жасалма интеллектти өнүктүрүү менен алектенген кыргызстандык стартаптарды колдой турганын билдирди.

Ал кыргыз тилин таануу жана аны өнүктүрүү үчүн жасалма интеллект даярдоо максатында өткөн жылы суперкомпьютер алынганын айтты.

«Министрлер Кабинетинин Төрагасы катары мен кыргыз тили санариптик дүйнөдө анчалык кеңири тарала электигине тынчсызданам. Санариптештирилбеген тилдер жазма тили жок тилдер сыяктуу тагдырга туш болот, алар жок болуп кетүү коркунучу болбойбу деп кабатырланам. Биз үчүн кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү улуттук эгемендүүлүгүбүздүн маселеси» , — деди Жапаров.

Министрлер кабинети OpenAI компаниясы менен узак мөөнөттүү кызматташууга даярдыгын белгиледи. Компаниясынын вице-президенти Арка Дар тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

OpenAI — сан-францисколук, жасалма интеллект менен алектенген коммерциялык эмес изилдөөчү компания. Негиздөөчүлөрүнүн бири — PayPal, SpaceX, Tesla Motors долбоорлорунан таанымал ишкер Илон Маск.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM