Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги карыларды чоң акчага алдап кеткендер кармалды

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 173 | 0

Бишкекте карыларды алдап, ири суммадагы акчасын алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Айта кетсек, ушул жылдын 16-17-февралында Бишкектеги карыларга телефон чалган шылуундар жакыны жол кырсыгына кабылганын, ага акча керек экенин айтышып, курьер аркылуу жарым миллион сомдон ашуун акчасын алып кетишкен. Бул коомдо чуу жаратып, бир топтордун нааразылыгын пайда кылган.

Аталган факты Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмышкерлерге издөө жарыяланган.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, натыйжада эл аралык деңгээлде уюшкан топтун үч мүчөсүн колго түшүрүшкөн.

Алдамчылыкка шектелгендер жакынкы чет өлкөлөрдүн биринен келишип, Бишкекте атайын алдамчылык менен акча таап жүрүшкөн. Кеңсесин тинтүү учурунда ноутбуктар, уюлдук түзүлүштөр, уюлдук операторлордун сим-карталары, дисктер, флешкалар, банк карталары, ири суммадагы акча табылган.

Бишкектеги райондук соттордун биринин чечими менен шектүүлөр 2002-жылы туулган А.Э., 2004-жылы туулган Е.Г., 2004-жылы туулган М.А. тергөө абагына камакка алынган. Учурда булардын шериктери изделип жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM