«Каракол» тоо лыжа базасына бара турган унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле, тротуар жана веложол куруу иштери жасалары, учурда жолду изилдөө иштери башталганы кабарланды.
Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.