Биз менен байланышыңыз

УКМК камакка алган башкы директор үйүнөн каза тапты

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 116 | 0

УКМК камакка алган «Тоң Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору Мирбек Исмаилов үйүнөн каза тапты. Бул тууралуу Күн-Чыгыш айыл аймагынын тургундары билдирди.

Тургундардын айтымында, 40 жаштагы маркум асынып алган. Сөөгү бүгүн, 15-мартта жерге берилген.

УМК «Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары болгон» деген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын башкы директорун камакка алган.

1-мартта Каракол шаардык соту аны 28-мартка чейин камакка алууга өкүм чыгарган. Бирок жактоочусу облустук сотко аппеляциялык арыз жазган.

Ысык-Көл облустук соту аппеляциялык арызды карап чыккандан кийин 12-мартта шаардык соттун чечимин бузуп, айыпталуучуну 28-апрелге чейин үй камагына чыгарган.

Айта кетсек, бул иш өткөн жылы декабрь айында ачылган. «Иликтөө ишин жаптыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган» деген шек менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б. Ш. 2023-жылдын 5-декабрында Каракол шаарындагы тергөө абагына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM