Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Нооруз майрамы 10 күн белгиленет

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 323 | 0

Казакстанда Нооруз майрамы 10 күн белгиленет. Мындай жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Казакстанда Нооруз майрамын уюштуруу жана аны өзгөчө майрамдоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, майрамдын маани-маңызын жогорулатуу үчүн жыл сайын 14-марттан 23-мартка чейин «Наурызнаама» декадасы жарыяланат. Ошондой эле бардык аймак жана ишканаларга бирдиктүү логотип да иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, тарыхта Нооруз майрамын белгилөө 8-9 күнгө созулуп, «Наурызнама» деп аталып келген.

Майрамдык декаданын ар бир күнүнө өзүнчө аталыш берген.

14-март – «Учурашуу күнү» («Көрісу күні – Амал мерекесі»). Бул күнү адамдар бири-бири менен кол алышып, кучакташып учурашат. Мындай салт Казакстандын батышында сакталып калган. Эми бул көрүнүштү жалпы өлкө аймагына жайылтууну көздөйт.

15-март – «Кайрымдуулук күнү» («Қайырымдылық күні»). Бул күнү кайрымдуулукка, берешендикке багытталган иш-чаралар өтөт. Максаты — калкты кайрымдуу болууга, бири-бирине жардамдашууга үндөө.

16-март – «Маданият жана улуттук каада-салт күнү» («Мәдениет және ұлттық салт-дәстүр күні»). Бул күнү казак маданияты, улуттук баалуулуктарына байланыштуу саамалыктар өтөт.

17-март – «Үй-бүлө күнү» («Шаңырақ күні»). Анда үй-бүлө баалуулуктарын даңазалаган иш-чаралар өткөрүлөт.

18-март – «Улуттук кийим күнү» («Ұлттық киім күні»). Бул күнү казак элинин улуттук кийимдери даңазаланат.

19-март – «Жаңыруу күнү» («Жаңару күні»). Бул датада өлкө аймагы боюнча бак тигүү, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлөт.

20-март – «Улуттук спорт күнү» («Ұлттық спорт күні»). Анда көкпар, байге, жамбы атуу, саадак тартуу, эр оодарыш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук спорт түрлөрүнөн бардык аймактарда жарыштар уюштурулат.

21-март – «Ынтымак күнү» («Ынтымақ күні»). Максаты Казакстан калкынын биримдигин, ынтымагын бекемдөө. Бири-бирине сый көрсөтүү.

22-март – «Жыл башы» («Жыл басы»). Бул күнү бардык аймактарда этно-айылдар курулуп, ар түрдүү жарманке жана оюн-зооктор уюштурулат.

23-март – «Тазалык күнү» («Тазару күні»).  «Наурызнааманын» жыйынтыктоочу күнү жылдын жаңырышына, жаңы жыл, жаңы күнгө карата жалпы улуттук тазалык күнү өтөт.

Ал эми «Наурызнааманын» он күндүгүндө базар жана маркеттерде «Наурыз-базарлык» акцияларын өткөрүү сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM