Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык автобустарда бир катар талаптар аткарылбай жатканын кабарлады.
Айрым айдоочулар жол кире үчүн талон бербей же мурда колдонулган талонду жаңы талон катары өткөрүп беришкени аныкталды.
Мындан тышкары башка адамдын жеке жеңилдетилген карталарын жана кызыл «Тулпар» карталарын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталып, карточкалар контролёр тарабынан алынган.
Коомдук транспорттогу контролерлор күн сайын башка адамдардын картасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктады.
Мэрия жол кирени төлөө эрежелерин сактап, шаардык транспортто коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн контролёрлор менен кызматташууга чакырат.