Биз менен байланышыңыз

Орусияда президенттик шайлоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 206 | 0

Бүгүн, 15-мартта Орусияда президенттик шайлоо башталды.

Бүгүн Камчатка жана Чукоткада алгачкы шайлоо участоктору шайлоочулар үчүн ачылды. Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март күндөрү болуп өтөт. Негизги добуш берүү күнү 17-мартка белгиленген.

Шайлоого карата 94 миңден артык шайлоо тилкеси уюштурулду. 113, 5 миллионго жакын бюллетень даярдалды. 1-марттан баштап чет өлкөдөгү орусиялыктар үчүн добуш берүү шарттары түзүлгөн.

Ал эми Орусия ээлеп алган Украинанын чыгышындагы шаарларда жана Крымда да президенттик шайлоо үчүн добуш берүү уюштурулду. Ал эми Киев Орусия басып алган аймактагы украиналыктарды «»жасалма шайлоого» катышпоого чакырды.

Президенттик шайлоодо төрт адам талапкер болду. Алар: учурдагы президент Владимир Путин, ЛДПРден Леонид Слуцкий, Коммунисттик партиядан Николай Харитонов жана «Новые люди» партиясынан Владислав Даванков.

Орусияны 24 жылдан бери башкарып келе жаткан Владимир Путин 71 жашта. Ал бешинчи ирет талапкер болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM