Биз менен байланышыңыз

Билярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев эки кылмышка шектелүүдө

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 97 | 0

Эки кылмышка шектелип кармалган Бишкектеги спорт мектептеринин биринин директорун Свердлов райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган.

Арыз каттоого алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада спорт мектебине алынган жабдуу-шаймандардын көлөмү сатуу-кабыл алуу отчётуна дал келбегени, анын кесепетинен мамлекет миллион сомдон ашуун зыян тартканы тастыкталган.

Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш козголгон.

Тергөө учурунда спорт мектебинин 1985-жылы туулган директору С.К.нын дагы бир кылмыш иши ачыкка чыккан. Тактап айтканда, ал директорлук кызматка дайындалуу учурунда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун көрсөткөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, ал диплом С.К.нын наамына берилген эмес жана архивдик документтердин, куу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес. Бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) менен экинчи иш козголгон.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы айтылган директорду кармап, тергөө кызматы убактылуу кармоочу жайга камакка алган. Бирок Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, шектүүнү үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM