Кыргызстанда 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Классика жана заманбап бийи айкалышкан балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат.
Кастинг 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, «Тодес» эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духованын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда өтөт.
Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болот.