Биз менен байланышыңыз

Камбожадагы эл аралык маданият күндөрүнө кыргызстандыктар катышты

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 192 | 0

Март айынын башында Камбожада жашаган кыргызстандыктар эл аралык маданият күндөрүнө катышты. Бул тууралуу Пномпен шаарында жашаган мекендештер билдирди.

Эл аралык маданият күндөрү Парагон билим берүү мекемесинин, Камбожанын Маданият, туризм, экология жана билим берүү министрликтеринин колдоосунда уюштурулган.

Пномпен шаарында жашап, иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктар да бул иш-чарага катышып, атайын бөлүнгөн павильонду ар кандай улуттук жасалгалар менен кооздоп, келген конокторго улуттук даамдардан тартуулашкан. Саамалыкка миңдеген адамдар катышкан. Кыргызстандын павильонунда кыргыз жергесинин меймандостугу, көчмөн маданияты тууралуу маалыматтар берилген.

Ал эми концерттик программада кыргызстандык мекендештердин эки муундан турган өкүлдөрү (аталар жана алардын уул-кыздары) «Мөлмөлүм» чыгармасын аткарган.

Камбожанын Понмпен шаарында 50дөй кыргызстандык жарандар жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM