Биз менен байланышыңыз

БШК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз түшө баштады

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 261 | 0

№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

6-мартка карата БШКга Алимберди Бегматов №2 Баткен округунан өзүн-өзү депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүгө арыз түшкѳн. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, ал Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси.

Ал эми №9 Кара-Суу округу боюнча жеке ишкер Ганишер Бадалов талапкер болууга арыз берди.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM