Биз менен байланышыңыз

Телефон алдамчыларына акча ташып турууга шектүү курьер кармалды

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 134 | 0

«Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катышы бар» деген шек менен курьер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Февралдын аягында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Анда түн ортосунда белгисиз адамдар үйүндөгү телефонуна жана чөнтөк телефонуна чалышып, «кызың жол кырсыгына кабылды» деген шылтоо менен 12 миң долларын, 250 миң сомун алдап алышканы айтылган. Ал акчаларды бир адам үйүнөн алып кеткени жазылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, ыкчам иликтөө башталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «курьер» кызматын аткарууга шектелип, 2003-жылы туулган Ш. уулу Т. аттуу студент кармалган. Анын буга чейин да ушундай эле беш ири алдамчылыкка катышканы аныкталган.

Маалым болгондой, Ш. уулу Т. Бишкектеги 4-кичирайондун тургунунан 250 миң сом, Токтогул көчөсүндөгү үйдүн жашоочусунан 29 миң доллар, Чыгыш-5 кичирайонунун тургунан 265 миң сом, 300 доллар, Жал кичирайонунун тургунунан 9 миң доллар, ушул эле аймактын дагы бир тургунунан 250 миң сом, 900 доллар, 1500 евро алып кеткен.

Ички иштер министрлиги телефон алдамчылары кескин көбөйүп жатканын эскертип, өлкө жарандарын сак болууга чакырат. Ошондой эле жогорудагы шектүүдөн жабыркагандар болсо, милиция бөлүмдөрүнө кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM