Биз менен байланышыңыз

Ислам каржылоо принциптери боюнча китептер чыкты

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 128 | 0

2-мартта Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү боюнча долбоору менен биргеликте «Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулуктун ролу» темасында форум өткөрдү

Форумдун максаты ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү маселелеринде калктын каржылык сабатын жана маалымат алуу ролун белгилөө болуп саналат. 

Форумдун жүрүшүндө ислам каржылоо принциптери боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде чыккан китептердин бет ачары өттү. Тактап айтканда «Ислам каржылоо принциптери», «Ислам в реалиях современной экономики», «Ислам банкинги боюнча суроо-жооптор» аттуу китептер окурмандарга сунушталды

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун, финансы-кредиттик уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана башкалар катышты. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM