Connect with us

Талаштуу имарат: ӨКМ жашоочулардын эшигин бузуп чыгарууга аракет кылууда

Кыска кабар | 1 Мар 2024 | 453 | 0

Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайда милиция кызматкерлери жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ар бир эшикти бузуп, үйдө калгандарды зордоп чыгарууда. Бул тууралуу тургундар «Маралга» кабарлады.

Алар үйдү тарттырып жибербөө максатында, батирлеринен чыгуудан баш тартууда.
1-мартта Бишкек шаардык мэриясы имаратка суу жана жарык берүүнү токтоткон.

9-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жашоочулар менен жолугуп, 1-мартка чейин имаратты бошотууну айткан.
29-февралдын кечинде аталган үйдүн жашоочулары нааразылык билдирүү максатында боз үй тигүүгө аракет кылышкан, бирок милиция кызматкерлери ага уруксат берген эмес.

Бишкек мэриясы бул үй мыйзамсыз курулганын жана териштирүү жүргүзүлүшү үчүн  жашоочуларды 1-мартка чейин чыгып кетүүгө убакыт берген. Бүгүн эрте менен  турак үйдө жарык жана суу өчүрүлгөн.

Ал эми жашоочулар бир нече жолу митингге чыгып, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге да  кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин 29-февралдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов жогоруда айтылган үйдүн 80дей жашоочусу өзүнө кайрылышканын айткан.

Маалыматтар боюнча, ижарачылар батирлерди «Квартал строй» ишканасынан алышкан. Бирок имарат «Нур-Жаннат-ЛТД» компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн жана ал бизнес борбор үчүн салынган. Ижарачылар объектини турак жай катары колдонушат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM