Connect with us

Жапаров: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо долбоору бекитилди

Кыска кабар | 1 Мар 2024 | 428 | 0

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашкар шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Анда Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, үч өлкөнүн соода экономикалык байланышынын өсүшүнө оң таасирин берерин айтып, биргелешкен каржылоо менен долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин кабарлады.

Мындан тышкары кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров 2-мартка чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда иш сапары менен болот.

Copyright © 2017 Maral FM