Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Сүйөркулов көчөсүндөгү талаштуу үйдүн тургундары чыгарылат

Кыска кабар | 1 Мар 2024 | 285 | 0

Бүгүн, 1-мартта Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги турак үйгө милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады.

29-февралдын кечинде аталган үйдүн жашоочулары нааразылык билдирүү максатында боз үй тигүүгө аракет кылышкан, бирок милиция кызматкерлери ага уруксат берген эмес.

Бишкек мэриясы бул үй мыйзамсыз курулганын жана териштирүү жүргүзүлүшү үчүн  жашоочуларды 1-мартка чейин чыгып кетүүгө убакыт берген. Бүгүн алар чыгарылары маалым болду, учурда турак үйдө жарык жана суу өчүрүлдү.

Ал эми жашоочулар бир нече жолу митингге чыгып, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге да  кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин 29-февралдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов жогоруда айтылган үйдүн 80дей жашоочусу өзүнө кайрылышканын айткан.

Маалыматтар боюнча, ижарачылар батирлерди «Квартал строй» ишканасынан алышкан. Бирок имарат «Нур-Жаннат-ЛТД» компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн жана ал бизнес борбор үчүн салынган. Ижарачылар объектини турак жай катары колдонушат.

Copyright © 2017 Maral FM