Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 235ке көбөйдү

Саясат | 29 Фев 2024 | 1500 | 0

Бишкек шаардык кеңеши президенттин жарлыгына байланыштуу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Шаардык кеңештин 29-февралдагы сессиясында белгилүү болду. Шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев депутаттык корпус 235 адамга көбөйгөнүн билдирди. Ал сессияны толук кандуу өткөрүү жана уюштуруу маселелерин чечүү үчүн тыныгуу жарыялоону сунуштады. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев административдик-аймактык реформа Бишкекте эле эмес, республика боюнча жүргүзүлөрүн, жарлык кабыл алынганын түшүндүрдү.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары президенттин жарлыгына байланыштуу ишин убактылуу токтотту.

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев административдик-аймактык реформа Бишкекте эле эмес, республика боюнча жүргүзүлөрүн, жарлык кабыл алынганын түшүндүрдү. Ал депутаттарды укуктук негизде иштөөгө чакырып, 235 депутаттын катышуусунда сессия өткөрүүгө мэрия даяр экенин айтты.

 «Урматтуу депутаттар, тактоо үчүн маалымат бере кетсем, жарлык бүгүн чыккан жок, ал кабыл алынды. Административдик-аймактык реформа бир гана Бишкек шаарында эмес, өлкө боюнча жүргүзүлүп жатат. Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынан тиешелүү кат келген. Бүгүнкү талкуубуз жарлыктын негизинде жүрүшү керек. Бишкек мэриясы 235 депутаттын катышуусунда жыйын өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Бүгүн жарлык кабыл алынганын баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Аны аткарууга милдеттүүбүз».

Сөз сүйлөп бүткөндөн кийин мэр жыйындар залынан чыгып кетти. Андан кийин Шаардык кеңеш тыныгууга чыкты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов шаардык кеңеш кадимки режимде иштеп жатканын белгиледи.

Ал президенттин жарлыгынын алкагында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу максатында кошулуп жаткан айыл-аймактардын эл өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүү үчүн кеңеш токтоп калганын түшүндүрдү.

«Жыйын ачык эле болду. Мыйзамга ылайык, регламентке ылайык, өткөрүлүүчү сессиянын күнү белгиленет. Убактысы, сааты белгиленгенден кийин отурум белгиленет. Отурумдун мүчөлөрү саат 3тө чогулду. Айыл кеңештин төрагалары келишти. Ошолордун катышуусунда отурум өтүп, 4-мартка сессия белгиленди. Ишмердүүлүк токтогон жок. 235 депутаттын катышуусунда өтө турган болду жыйын. Мурункудай эле иштей беребиз».

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Бул азыркы көлөмдөн үч эсе көп. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулууда.

Ал эми юрист Таттыбүбү Эргешбаева Facebook баракчасына Конституциянын 112-115-беренелери жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү укугун кепилдей турганын, бирок президенттик администрациянын башкаруу функцияларын күчөтүүгө багытталган мыйзам чыгаруу демилгелери аркылуу алардын автономиясын кыскартуу тенденциясы байкалып жатканын жазган.

Бул өкүлчүлүктүү органдардын аткаруу бийлигине көзөмөлүн чектеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун демократиялык негиздерин бузат.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жана административдик көз карандысыздыгын колдоо зарылдыгы алардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн актуалдуу бойдон калууда жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына жооп берет. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда көз карандысыздыктын кепилдиктери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын соттук коргоо, өзгөчө мамлекеттик органдардын чечимдери менен чыгымдардын ордун толтурууда так мыйзамдык жөнгө салуу жана натыйжалуу көзөмөлдүк механизмдер талап кылынат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реалдуу автономиясын жана президенттик моделдин алкагында жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла», — деп жазган юрист.

Жалпысынан өлкө боюнча 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) болгон. Административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдүн натыйжасында, 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот.

Copyright © 2017 Maral FM