Connect with us

Шаардык сот 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга уруксат берген жок

Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 317 | 0

Бүгүн, 29-февралда Бишкек шаардык соту 24.kg маалымат агенттигинин мөөр басылган кеңсесин ачуу боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жактоочу Нурбек Сыдыковдун айтымында, редакцияда тинтүү учурунда мүмкүн болгон нерселердин баары алынган. Редакциянын ишмердүүлүгүнө эч кандай тыюу салынган эмес, агенттик өз ишин улантууда. Мекеме имаратты ижара төлөп иштетет.

Эскерте кетсек, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргөн. Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24. кg басылмасына Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Басылманын имараты жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM