Connect with us

Икрамов кесиптеши Айбек Осмоновдун бизнеси боюнча айтты

Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 403 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кесиптеши Айбек Осмоновдун бизнеси, эмне себептен өлкөнүн сыртына чыкканы тууралуу фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Ал депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңешке келгенге чейин бир туугандары менен кошо бизнес менен алектенгенин, өз округуна кайрымдуулук иштерин жасап жүргөнүн белгиледи.

Анын мандаты тууралуу сөз кылууда токтоо болууга чакырып, өзү өлкө сыртында дарыланып жүргөнүн кошумчалады.

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

Айбек Осмонов 28-февралда «Азаттыкка» берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген. 

Буга чейин «Регион» телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда бир катар депутаттардын аты аталган.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин арызынын негизинде аларды мандатынан ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM