Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров 2-мартка чейин Кытайда болот

Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 132 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-февралдан 2-мартка чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат.

Анын алкагында Кытадйын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте «Эркечтам-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM