Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Гуласал Садырбаева ааламдан өттү

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 152 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Гуласал Садырбаева «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болуп, 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Садырбаева 1952-жылдын 4-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында туулган.

1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык училищаны бүтүргөн. 1980-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1971-жылы №4 “Жаңы турмуш” орто мектебинде мугалимдиктен баштаган.
1978-жылдан тартып аталган мектептин баштапкы класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1980-жылдан 1992-жылга чеийнки аралыкта Ж.Ниязов атындагы облустук мектеп-интернаттын окуу бөлүмүнүн башчылык кызматын аркалаган.
1992-жылдан 2010-жылга чейин бул мектеп-интернаттын биология мугалими болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Ата Мекен» саясый партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM