Биз менен байланышыңыз

 IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды (тизме)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 647 | 0

International IQ test порталы адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. 2023-жылдын рейтинги боюнча Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү эң алдыңкы орундарга ээ болгон.

Эң биринчи сапта Түштүк Кореянын жарандары турат. Алардын IQ даражасы 107,54 балл деп белгиленген. Экинчи орунда Кытай. Үчүнчү орунда Иран турат.

Маалыматта айтылгандай, бул рейтинг International IQ test порталы аркылуу өз каалоосу менен тесттен өткөн адамдардын натыйжаларына карап түзүлгөн. 2023-жылы 115 мамлекеттен 1,7 млн адам бул тестти тапшырган.

IQ даражасы (анг. intelligence quotient) — бул адамдын акыл дараметинин белгиленген өлчөмү же акылдын өсүү коэффициенти, атайын тесттин жардамында аныкталат.

Илимде адамдын орточо IQ даражасы 100 балл деп белгиленген. 100дөн жогору балл орточодон жогору деп эсептелет. Ал эми 100гө жетпеген балл болсо орточодон төмөн деп эсептелет.

2023-жылдагы IQ даражасынын рейтингиндеги алдыңкы ондукка төмөнкү өлкөлөр кирген:

1. Түштүк Корея: 107,54 балл

2. Кытай: 106,99 балл

3. Иран: 106,84 балл

4. Япония: 106,18 балл

5. Сингапур: 106,18 балл

6. Австрия: 102,71 балл

7. Канада: 102,6 балл

8. Германия: 102,36 балл

9. Словения: 102,31 балл

10. Монголия: 102,3 балл

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү 115 өлкө катышкан тестирлөөдө, Казакстан 97,26 балл менен 64-орунда,  Өзбекстан: 94,81 балл менен 80-орунда, Кыргызстан: 93,46 балл менен 89-орунда, Тажикстан 92,1 балл менен 97-орунда турат.

Тизменин эң аягында Габон, Конго, Ангола, Конго ДР, Кот-д’Ивуар, Никарагуа жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM