Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 308 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев парламенттин 28-февралдагы жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып, соттолгон Икрамжан Илмияновдун ишмердүүлүгүнө саясий баа берилиши керектигин айтты.

Ал кесиптеши Акылбек Түмөнбаевдин Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун колдой турганын билдирди.

«2020-жылы революция парламенттик шайлоо ыплас өткөн үчүн болгон. Алгачкы катализатор «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары болгон. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү бүгүн азыркы бийикти курчап алып кошомат кылып, жоон топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Өмүрүндө бир китеп окубаган адам, өмүрүндө бир гана баранканы айландырган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке «ушул өтөт, бул өтпөйт» деп чечип турган. Эмнеге азыр ал байлыкты топтоп алып жыргап жашашы керек, ал эми тоок урдагандар соттолуп кетиши керек? Менимче, ага да саясий баа берилиши керек»  , — деди депутат Алиев.

Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жеке компаниядан 150 миң доллар алган деп айыпталган.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.

Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Илмияновдун жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан.

«Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга ылайык, Илмияновдун жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарган.

Copyright © 2017 Maral FM