Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дагы бир компания АКШнын жаңы санкциялык тизмесине кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2024 | 521 | 0

АКШнын жаңы санкциялык тизмесине Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы компаниялар киргизилди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын сайтында жарыялангандай, аба, деңиз жана кара жол аркылуу жүк ташуу менен алектенген Polarstar Logistics компаниясы, анын Ташкенттеги өкүлчүлүгү АКШнын санкцияларына дуушар болгон юридикалык жактардын тизмесине кирди.

Polarstar Logistics компаниясынын баш кеңселери Дубайда, Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан.

АКШнын жаңы санкциялар топтомуна Казакстанда катталган Da Group 22 жана Elem Group, Кыргызстандагы «УКОН» компаниясы да киргизилген.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Da Group 22 жана Elem Group компаниялары электрондук, телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди дүңүнөн сатуу менен алектенет.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык «УКОН» компаниясы Америкада жасалган учактардын тетиктерин Орусияга жөнөтүү менен алектенген.

Былтыр 12-декабрда Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом да АКШ санкциясына туш болгон.

23-февралда АКШ орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмүнө жана Украинадагы согуштун эки жылдыгына байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM