Биз менен байланышыңыз

Байден: Израил Рамазан айында ок атпай турууга макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2024 | 374 | 0

Израил бийлиги мусулмандардын ыйык Рамазан айында туткундарды айырбаштоо үчүн согуштук аракеттерди убактылуу токтотууга макул болду. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден NBC  телеканалына берген маегинде айтты.

Байдендин айтымында, тынчтык келишиминин алкагында эң биринчи туткундагылар бошотулушу керек. «Израилдиктер Рамазан айында эч кандай согуштук аракеттерди жасабай турганга макул болду. Биз убактылуу тынчтык келишимине жетише алсак, анда туткундарды бошотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана Газадагы абал турукташа баштамак», — деп кошумчалаган Жо Байден.

Буга чейин АКШ президенти Газа секторунда эки тараптуу убактылуу тынчтык келишими 4-мартка чейин түзүлөрүнө үмүттөнүп жатканын да билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM