Биз менен байланышыңыз

Столтенберг: НАТО Украинага аскер кошуунун жибербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 390 | 0

НАТОнун Украинага аскерий кошуун жиберүү планы жок. Бул тууралуу алянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Кечээ, 27-февралда Associated Press агенттиги Батыш өлкөлөрү согуш болуп жаткан өлкөлөргө аскер кошуунун жиберүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген маалымат чыгарган.

Андан көп өтпөй, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирүү жасады. Анын айтымында, НАТОнун мүчөлөрү Украинага 2014-жылдан бери көмөк көрсөтүп келет. Ал эми 2022-жылы Орусия кол салгандан кийин да эбегейсиз жардамдарды берүүдө. «Бирок, Украина аймагында НАТОнун аскердик базасын жайгаштыруу планыбыз жок», — деп ишендирди Столтенберг.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM