Биз менен байланышыңыз

«Түрк аба жолдорунун» учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлө баштады

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 252 | 0

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов маалымдады.

Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюлган. Учурда «Курманжан Датка» жана «Шамбала» кыргыз тасмалары учуу учурунда көрүүгө боло турган тасмалардын репертуарына кошулду.

27-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жалпы отчеттук жыйыны өтүп жатат, ага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM