Биз менен байланышыңыз

Былтыр канча тонна алтын казылган? «Кумтөр» ишканасынын отчету

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 303 | 0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2023-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ишкананын былтыркы жылга карата жалпы кирешеси 849 миллион долларды түзгөн. 2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын өндүрүлдү.

Өндүрүштү модернизациялоо жана чыгымдарды кыскартуунун натыйжасында, ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси 302,4 млн долларды түздү. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186,1 миллион доллар болсо, 2023-жылы 111,5 миллион долларды түздү.

Өткөн жылы Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар «Тоголок» алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды.

Капиталдык салымдардын эсебинен Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле 2023-жылы Кумтөр кен жайына 93 даана ар кандай атайын техникалар сатылып алынган.

Иш процессин оптималдаштыруу жана жабдууларды жаңылоо аркылуу өткөн жылы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө 30 миллион доллардан ашык каражат үнөмдөлгөнү маалымдалды.

Мындан сырткары, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» тарабынан «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондуна 8 млн 389 миң доллар, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча «Теңир-Тоо» фондуна 5 миллион 33 миң доллар, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 миллион 597 миң доллар, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн 542 миң доллар которулган.

Copyright © 2017 Maral FM