Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны өстү

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 407 | 0

Кыргызстанда 2023-жылы курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны өскөн. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматтарында айтылат.

Бул оорунун 2022-жылы 3119 учуру катталган, былтыр 9234 учур катталып, 2,9 эсе көп болду.

Вирустук гепатиттин А түрү менен 2023-жылы 8973 бейтап катталды. Оору эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайылган.

Ошондой эле жаңы аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсе көбөйгөн. Алсак, 2023-жылы 9 772 учур, 2022-жылы 3 686 учур катталган.

Вирустук гепатит — кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу инфекциялык оору. Беш түрү бар, алар — А, В, С, Д жана Е.

Гепатиттин В, Д жана С вирустук түрүнүн кесепети оор болгондуктан, ден соолукка коркунучу чоң.

Copyright © 2017 Maral FM