Connect with us

«Социалдык контракт»: 13 миңдей катышуучунун 23ү өз долбоорлорун ишке ашыра алган жок

Кыска кабар | 24 Фев 2024 | 247 | 0

«Социалдык контракт» программасында 13 миңге жакын катышуучунун 23ү гана өз долбоорлорун ишке ашыра алган жок. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

«Социалдык контракт» программасы ишке киргенине 2 жылдан ашты. Анда жалпы 13 миң үй-бүлө катышкан. Алардын ичинен  23 үй-бүлө күтүлбөгөн жагдайлардан улам өз бизнес-пландарын ишке ашыра алышкан эмес.

Министр белгилегендей, өткөн жылы Базар-Коргон, Ноокат, Жети-Өгүз, Сокулук, Сузак жана Талас райондорунда Программанын талаптарына ылайык арыз берген адамдарды изилдөө иштери сапаттуу жүргүзүлгөн эмес.

«Социалдык контракт» программасына быйыл 20 миң жаңы катышуучуну тандоо пландалууда.

Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан бул долбоордун максаты колунда жок үй-бүлөлөргө иш таап берүү, жакырчылыктан чыгаруу болуп саналат. Анын негизинде жер-жерлерде атайын комиссия түзүлүп, муктаж үй-бүлөлөрдү тандап алат. Андан соң алар үч айлык окуу курстарынан өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM