Биз менен байланышыңыз

Казакстанда окуучулардын сабак учурунда смартфон колдонуусуна тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2024 | 472 | 0

Казакстанда мектеп окуучуларынын сабак учурунда смартфон колдонуусуна тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Kazinform агенттигинин маалыматына караганда, билим берүү жана балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Ага ылайык, мектептерде окуучулар сабак учурунда смартфондорду колдонуусуна чектөө киргизилген. Ошондой эле балдарды биринчи класска кабыл алууда эч кандай тест албоо тууралуу да жобо кирген. Мындан сырткары диний маалыматтарды таратуунун алдын алуу, суицидге баруунун алдын алуу боюнча да эрежелер иштелип чыккан.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында, мындан ары мектептердин терезелерине атайын тосмолор орнотулат. Ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөр салына турган жаңы конуштарда сөзсүз мектеп жана бала-бакча имараттары да болушу керектиги жаңы мыйзамга киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM