Биз менен байланышыңыз

БАЭнин кайрымдуулук уюму Кыргызстанга медициналык жабдыктарды белек кылды

Кыска кабар | 24 Фев 2024 | 163 | 0

Бириккен Араб Эмираттары мамлекетинин “Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум” кайрымдуулук жана гуманитардык уюму Кыргызcтандын жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтуна 22 медициналык жабдык белек кылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтуна кайтарымсыз негизде 22 аталыштан турган медициналык жабдыктарды “Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум” кайрымдуулук жана гуманитардык уюмунун өкүлдөрү тапшырды. Бул үч жылдык программанын алкагында ишке ашып, жабдыктардын экинчи бөлүгү келип түшкөн. Анын ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттар жана операцияга керектүү жабдыктар камтылган.

Жабдууларды тапшыруу аземи саламаттык сактоо министринин орун басары, Фонддун өкүлдөрү жана ооруканын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM