Connect with us

Бишкектин соту Адахан Мадумаровду абакта калтырды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 341 | 0

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды. Маалымат социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Айта кетсек, 8-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карап, 9-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Жактоочулары буга макул болбой, Бишкек шаардык сотуна саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз беришкен. Судья ишти бүгүн, 22-февралда карап, арызды канааттандырган эмес.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM