Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Акылбек Жапаров демилгелеген мыйзам долбоорун четке какты

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 228 | 0

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун четке какты.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 13-февралда, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 15-февралда биринчи окууда карап, жалпы жыйынга сунуштаган.

Кудайберген Базарбаев баяндама жасап бүтөрү менен процедуралык трибунага чыккан депутат Камила Талиева бул мыйзам жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын жоюп салууга алып барарын белгилеп, долбоорду талкуусу жок добушка коюп, четке кагууну сунуштады.

Ушундай эле маанидеги сунушту депутаттар Марлен Маматалиев, Айбек Осмонов, Нуржигит Кадырбеков да берди.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоорду кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.

Натыйжада Камила Талиеванын сунушу добушка коюлуп, каттоодон өткөн 86 депутаттын 67си мыйзам долбоорду четке кагууга макулдук беришти.

Андан соң тармактык комитеттин колдоп берүү боюнча корутундусу окулуп, ага 71 депутат каршы чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM