Биз менен байланышыңыз

Медакадемиянын Баткен филиалынын курулушу быйыл аяктайт

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 397 | 0

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Баткен филиалынын курулушу июль айында аяктайт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иса Ахунбаев атындагы КММАнын көп тармактуу окуу-дарылоо мекемеси катары ачыла турган бул филиалдын курулуш долбоору 603 млн 500 миң сомго бааланган.

Окуу-дарылоо корпусунан тышкары жатакана да салынып жатат. Ага жеке ишкерлер 93 млн сом берген.

Бул суммалардан тышкары дагы 100 млн сом кошумча бөлүнөт. Ага акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар алынат.

Комплекске Баткен мэриясы Чет-Булак конушунан 1 гектар 25 сотых жер тилке бөлүп берген. Курулушка Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 28-июнунда капсула салган.

Филиал студенттерди окуткандан тышкары көп тармактуу дарт аныктоочу, дарылоочу стационар милдетин да аткарып, рентген, УЗИ, МРТ, ЭЭГ бөлмөлөрү ачылат. Андан тышкары 500 бейтапка ылайыкташкан оорукана да салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM