Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровду Татарстандын президенти тосуп алды

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 214 | 0

Президент Садыр Жапаров түшкөн учак Казань шаарынын Габдулла Тукай атындагы аэропортуна конду.

Кыргызстандын мамлекет башчысын Татарстандын мамлекет башчысы Рустам Минниханов тосуп алды.

Садыр Жапаров иш сапарында «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылышына катышуу менен бирге, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Татарстандын мамлекет башчысы Рустам Минниханов менен расмий жолугушууларды өткөрөт.

Кыргызстандын мамлекет башчысын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Мурат Азымбакиев коштоп жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM