Биз менен байланышыңыз

Жарактан чыккан электромобилдерди кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү

Коом | 20 Фев 2024 | 398 | 0

Жогорку Кеңештин комитетинде экологияны коргоого багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Анда негизинен электромобиль унааларын алып келүүдө жеңилдик берүү, сатып алуу үчүн кызыктыруучу шарттарды түзүү тууралуу сөз болду. Ошол эле учурда электромобиль жарактан чыккандан кийин утилизациялоо маселеси ойлонулбаганы айтылды. 

Демилгечи Марлен Маматалиев мыйзам долбоорунда электромобилдерди сатып алуу үчүн жарандарга бир катар жеңилдиктерди жана шарттарды түзүү, «жашыл номурларды» берүү сунушталганын айтты.

«Бүгүнкү күндө электромобилдерди турмушта колдоно баштадык. Бирок бир топ мыйзамда анын негиздемеси жок болчу. «Жашыл экология» мыйзамынын экинчи беренесине электромобилдер жөнүндө түшүнүктөрдү киргиздик. Кыркынчы беренеде Өкмөттүн компетенциясы да каралган. Ошондой эле электромобилдердин номерлеринин бир четине жашыл белги коюлат. Муну менен «Жол кыймылы» мыйзамына да өзгөрүүлөр киргизилип жатат, ал жакка да жаңы түшүнүктөрдү киргиздик. Анын негизги максаты «жашыл номурлуу» унааларга кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү берүү болуп саналат. Кандай мүмкүнчүлүктөр берилет, аны Өкмөт өзү аныктап чыгат».

Жыйындын жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов өлкөдө электромобилдердин саны жылдан жылга көбөйүп жатканын, бирок алар жарактан чыккандан кийинки утилизациялоо маселесин мамлекет колго алышы керектигин айтып, кошуна Кытайда электромобилдерди азайтуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө электромобилдер көбөйүп жатат. Бирок алар жарактан чыккандан кийин утилизациялоо маселесин да кароо керек. Бул маселени мамлекет колго алышы зарыл. Айталы, кошуна Кытайда электромобилдерди кыскартуу каралып жатат. Анткени булардын адамга тийгизген зыяны да чоң экен. Радиация бар, аккумуляторун кантип жок кылабыз деген маселеге көңүл буруу зарыл. Анткени экологияны сактайбыз деп, жарандарыбыздын ден соолугуна зыян тийгизип албайлы. Мамлекет ушул маселеге көңүл бурса, абдан жакшы болот эле». 

Мыйзам долбоорунун автору Марлен Маматалиев электромобилдердин калдыктарын утилизациялоо боюнча мыйзам долбоору даярдалганын, анда канча каражат кетери, кимдер жоопту болору аныкталганын айтты.

«Буга чейин калдыктар боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Ал эми утилизациялоо боюнча жаңы мыйзам даярдалды, анда утилизациялоо жолдору, канча каражат кетери, кимдер жасары, кимдер көзөмөлдөй турганы жазылган. Ал тиешелүү комитетте каралып жатат».

Өткөн жылы 24-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйыныны өтүп, анда Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөргө электромобиль ташып келүүчүлөрдү бажы алымдарынан бошотуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда Орусияда жарандыгы жана туруктуу жашаган жери бар адамдардын электр транспортуна ээлик кылуусуна, пайдалануусуна, тескөөсүнө жол берилбейт.

Электромобилдерди ташып келүү боюнча тарифтик жеңилдиктер Кыргызстанда 2024-жылы 10 миң унаага, 2025-жылы да 10 миң унаага каралган.

Электр транспортторуна суроо-талапты турукташтырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен айкалышта тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн узартуу мындай автотранспорт каражаттарын кеңири жайылтууга, ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртууга, инновациялык технологияларды өнүктүрүү зыяндуу газдарды жана зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга көмөктөшөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM