Биз менен байланышыңыз

Баңгизат менен күрөшкөн милиционер нашаа сатууга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 166 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткенде эл аралык наркоканалга бөгөт коюлганын кабарлады.

Ушул жылдын 12-февралында УКМК кызматкерлери «Баткен – Ош» жолунда атайын рейд өткөрүшкөн. Анда Н.Р. аттуу адамдын унаасы тинтилип, базар баасы 1 млн 800 миң сом деп эсептелген 3 кг 996,7 грамм «чарс» нашаасы табылган.

Тергөөдө кармалган шектүүгө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери, лейтенант С. И. У. жардамдашып жүргөнү аныкталган. Алардын «Тажикстан – Кыргызстан – Өзбекстан» багыттарында баңгизаттарды ташуу-сатуу иштери менен алектенип келишкени такталган.

Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында лейтенант С. И. У. да кармалган. Эки шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси, 282-беренеси менен айып коюлган. Ош шаардык соту аларды 5-мартка чейин абакта кармоо өкүмүн чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM