Биз менен байланышыңыз

Тамчыда катуу шамалдан улам аэропорттун дубалы дагы кулады

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 408 | 0

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык аэропорттун тосмосу экинчи жолу кулады. Маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Катуу шамал 17-февралда катталып, анда пескоблоктон тургузулган тосмонун бир канча бөлүгү бузулуп калган. Буга чейин бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыккан.

Тамчыдагы аэропорттун айланасындагы тосмолор 2023-жылдын март айында да шамалдан улам оодарылып калган. Ал өткөн жылдын январь айында курулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM