Биз менен байланышыңыз

21-февралдын аба ырайы

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 630 | 0

Кыргызстанда 21-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт, жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9…-11, күндүз 0…-2 градус суук болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM