Биз менен байланышыңыз

Балдар адабиятына арналган фестиваль өтүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2024 | 207 | 0

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарында балдар адабиятына арналган «Кичинекей окурман» фестивалы өтүүдө. Аны «Акбарак» коомдук фонду уюштурган.

Иш-чаранын максаты балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү, баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү болуп саналат. Анын алкагында бир катар темалар боюнча талкуулар өтөт.

«Балдар азыр кандай китептерди окуп жатышат, балдар менен китеп окуу эмне үчүн маанилүү, балдар үчүн сапаттуу материалдар даярдалганбы?» деген сыяктуу маселелер талкууланууда.

«Өлкөдө балдарга арналган кыргыз тилдүү адабият жокко эсе, жазмакерлер саналуу эле. Айрым чыгармалар чет тилден кыргызчага которулганы менен сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан бул иш-чара бөбөктөргө арналган кыргыз тилдүү адабиятты көтөрүүгө багытталды», — деди «Акбарак» коомдук фондунун директору Уулжан Бектурова.

Фестивалдын жүрүшүндө балдар үчүн китептердин чоң көргөзмөсү, чеберчилик сабактар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары уюштурулду. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM