Connect with us

Көлбаевдин адамдарына таандык делген аңчылык жай мамлекетке алынды

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 234 | 0

Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагындагы аңчылык база жери, имараттары, короо-жайы менен кошо мамлекеттин карамагына өткөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКнын айтымында, «Борбордук Азия аңчылык клубу» деп аталган бул база маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына таандык болгон. Алар кримтөбөлдүн кийлигишүүсү менен аңчылык жайды төмөндөтүлгөн баада ээлеп алышкан.

Базанын жеринин жалпы аянты 76 миң 626 гектар 40 сотых болгон. Андагы имараттардын, короо-жайдын, эс алуучу, аңчылык жайларынын баасы 37 млн сомдон ашат.

Аңчылык база Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөнү, учурда кылмышка катышы бар адамдар сурак берип жатышканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM