Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад иши боюнча маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 274 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселесин көтөрүп, кийинки жыйынга Башкы пркурорду чакырып маалымат алуу сунушун киргизди.

Аны менен катар бул иш боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөнүн, бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы чыга элегин айтты.

«Кечээ социалдык тармактарга видео тарады. Кемпир-Абад иши боюнча отургандар эки жылдан бери соту болбой жатканын айтышууда. Ал жердеги солдаттар саясатчыларды чыканак менен өпкөгө уруп жатат, түртүп жатат, кордоп жатат. Биз кийинки аптада башкы прокурорду чакырып, ал жерде мыйзам кандай аткарылып жатканын сурасак. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгы чыгабы же чыкпайбы? Ачык болсо ачык, жабык болсо жабык, «кемпир-абадчылардын» ишинин жыйынтыгын угуп койбойлубу аларды кордой бербестен», — деди депутат.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев: «Башкы прокуратура ишти сотко өткөрүп берген, соттун ишине тоскоолдук жаратпашыбыз керек», — деди.

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан Кемпир-Абад иши боюнча отурумда чатак чыккан.

Маалым болгондой, ооруп калганына байланыштуу Илгиз Шаменовдун жактоочусу да, жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап да отурумга келишкен эмес. Судья ага карабай, ишти уланта берүүнү чечкен. Бирок айыпталуучулар аны «мыйзамсыз» деп аташып, кыйкырып чыгышкан.

Дагы бир маалыматта чыр-чатактан кийин ал күнкү жараянга тыныгуу жарыяланганы айтылат.

Кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо учурунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетип жатканына» каршы пикир билдирген 27 адам камакка алынган. Учурда абакта 11 адам отурат. Калгандары ар кандай жагдайларга байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM