Биз менен байланышыңыз

ТИМ Алматыдагы «Алтын ордо» базарындагы кыргызстандыктар боюнча үн катты

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 107 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев көтөргөн Алматы шаарындагы «Алтын ордо» базарында эмгектенген кыргызстандык соодагерлердин жагдайы боюнча Тышкы иштер министрлиги расмий жооп берди.

Министрликтин айтымында, Алматыдагы башкы консулдукка базарда соода кылган кыргызстандыктардан мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн жамааттык арыз келип түшкөн. Анын негизинде башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө, Карасай райондук полиция бөлүмүнө нота жөнөткөн.

«Жакынкы күндөрү «Алтын Ордо» соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда. Учурда Казакстан тарап бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Учурда бул маселе министрликтин жана Алматыдагы башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени кошумчаланган.

Эске салсак, 2023-жылдын 2-июнунда Алматыдагы «Алтын ордо» базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев кармалганын Карасай райондук полициясы билдирген. Алар тараткан маалыматта Карасай полиция кызматкерлери «Алматы – Бишкек» жолунан BMW X7 үлгүсүндөгү унааны токтотушканы, текшерүүдө баңгизат жана МК-471С травматикалык тапанчасы табылганын айтылып, кармоо учурундагы видео тараган.

Буга байланыштуу Эрмек Маркабаев Казакстан Кылмыш кодексинин 287-беренесинин 3-бөлүгү жана 296-беренесинин 4-бөлүгү менен айыптуу деп табылып, 2024-жылдын 5-февралында 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Эрмек Маркабаев бул атайын жасалган иш экенин, баңгизатты атайылап салып коюшканын айтып, коюлган айыптарды четке кагып келет.

«Алтын Ордо» базарынын директорунун орун басары камакка алынгандан кийин анда эмгектенген кыргыз соодагерлерге да кысым болуп жатканы буга чейин да бир нече жолу коомчулукта айтылган.

Кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев ушул маселени көтөрүп, Казакстандагы ишкерлер кайрылуу жөнөтүшкөнүн билдирип, Тышкы иштер министрлигинен чара көрүүнү талап кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM