Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору комитетке кайтарылды

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 187 | 0
Архивдик сүрөт

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнүн демилгелеген мыйзам долбоору тармактык комитетке кайтарылды.

Сунушту бүгүн, 14-февралда өткөн парламенттин жалпы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев берди.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди өзгөртүү керек экенин белгиледи.

Жыйынтыгында сунуш көпчүлүк депутаттын колдоосуна ээ болду.

Мыйзам долбоорду 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экинчи окууда колдоп, жалпы жыйынга жөнөткөн.

Эл ичинде «Чет элдик өкүл» деген ат менен айтылып жүргөн бул мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова демилгелеген. Ал биринчи окуудан 2023-жылдын 25-октябрында өткөн.

Мыйзам долбоору боюнча коомчулукта кызуу талаш жүрүп келет. Бир катар юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилеп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM