Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 14-февралда күн жылыйт

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 609 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +13…+15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM