Биз менен байланышыңыз

Президенттин АКШга жообу, эксперттердин пикири

Коом | 12 Фев 2024 | 358 | 0

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Коммерциялык уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору боюнча жазган тынчсыздануу катына жооп берди. Анда президент АКШнын мамлекеттик катчысын башка өлкөнүн ишине кийлигишпөөгө чакырды. Саясат талдоочулар президенттин каты мурда күтүлгөндей эле болгонун, анда жаңыча аргументтер жок экенин, катта жазылгандар буга чейин да бир канча ирет айтылганын белгилешүүдө. Бул кат алмашуу эки өлкөнүн алакасына кандай таасир берет? Жарандык коомго айтылган дооматтарга кандай  жооп берет?

Президент Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кайрылуу катына расмий жооп каттын толук текстин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Маалымат катчынын түшүндүрмөсүнө караганда, мамлекет башчысынын жооп каты 9-февралда жазылып, аны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.

Айта кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул жылдын 17-январында Президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын парламенти биринчи окууда кабыл алып, экинчи окууга жөнөткөн «Коммерциялык уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбооруна, анын ичинде «Чет өлкөлүк агенттер» бөлүмүнө тынчыздануусун билдирген кайрылуу кат жолдогон. Анда Энтони Блинкен мыйзам кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар жарандык жана кылмыш иштер боюнча жазалоого кириптер болорун, бул өлкөдөгү эң улуу нерсени коркунучка кабылтаарын айткан. Андан тышкары экономика, саламаттык сактоо, энергиянын таза булактары тармактарына болгон эл аралык жардамдарды азайтарын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров жооп катында Энтони Блинкендин кайрылуусун мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалап, айрым туура эмес пикир тараткандарга ишенбөөгө чакырык таштаган. Ошол эле учурда «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берип өткөн.

«Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Албетте, «чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик көзөмөл болушу керек?» деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттары демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбоорунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө жана «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ресстрин жүргүзөт» деген ченем каралууда. Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан «Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө» мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм. Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. «Каттоодон кечиксе же баш тартса, административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат» деп турат. Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат: эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?»

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун жообунун мазмунунда жаңыча аргументтер жок. Каттагы аргументтер буга чейин да айтылып келген. Ошондой эле ал бир эле нерсени бир нече жолу кайталагандан ортодо бири-бирин укпоо, диалог жоктой түр калтырганын кошумчалады.

«Президенттин АКШнын мамлекеттик катчысына берген жообунун мазмуну буга чейин күтүлгөндөй эле жазылыптыр. Анда эч кандай жаңыча аргументтер жок. Президент эсептеп, жүйө келтирген аргументтер буга чейин бир нече жолу президенттин алдындагы укук тармагы боюнча жетекчи Мурат Укушевдин атынан жазылып келген. Президент бир чети дипломатиялык сылык тилде, бир чети бир топ ачыгыраак тилде АКШ менен кызматташууга даярдыгын жазган. Бирок Америка жана башка мамлекеттер биздин ички саясатыбызга кийлигишпөөсүн суранганын байкадым. Азыр кайсы бир деңгээлде геосаяат курчуп, чыңалып турган кезде, анын да бизге таасири тийип турган учурда бул — таанымал тил, таанымал риторика. Экинчи чети «эгемен саясатыбыз үчүн, башка өлкөлөрдөн обочо болгон кызыкчылыгыбыз үчүн туура  эле болду бекен же башкачараак, сылыгыраак жана жаңыча жүйө келтирилген аргументтер болсо, жакшы болмок беле?» деген ой калтырды. Анткени дал ушул катта айтылган сөздөр буга чейин жогорку деңгээлдеги элчилер менен болгон жолугушууларда айтылып келген. Бир эле нерсени кайталагандан укпагандай, диалог жоктой түр калтырды».

Президент жообунда «Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан «Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө» мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм», — деп айтылган.

Коомдук ишмер Акылбек Ташбулатов FARA мыйзамы боюнча анализди карап, мамлекет башчысына туура эмес маалымат  берилген деген ойдо.

«Президентин FARA мыйзамы боюнча жасаган анализин карап көрүп, туура эмес маалымат берилген деп ойлойм. Анткени ал мыйзам өткөн кылымдын 40-жылдары кабыл алынган. Анын негизги максаты башка болчу. Аны менен фашисттик Германиянын, коммунисттердин пропагандасына каршы күрөшүү эле, ал таптакыр башка адамдар үчүн, уюмдар үчүн кабыл алынган эле. Азыркы учурда бардык эле өлкөлөр капиталисттик режимде, азыр андай коркунуч жок». 

Ошондой эле президент АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес уюмдардын соңку он жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуштаган.

Коомдук ишмер Акылбек Ташбулатов эл аралык аудиттен Кыргызстандагы бардык өкмөттүк эмес уюмдар өтөрүн, акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери каржы системасы электрондук форматка өткөнүн айтат.

Ошол эле учурда уюмдарга акча берип жаткан эл аралык мекемелер да аудит талап кыларын айтып, аудиттен өткөрсө, мурдагы эле жыйынтык болоруна токтолду.

«Кыргызстандагы бардык өкмөттүк эмес уюмдар эл аралык аудиттен өтөт. Азыркы учурда эл аралык уюмдар каражат берүүдө сөзсүз түрдө аудиттин отчётун талап кылат. Буга чейин аудиттен өтүп келгенбиз, «азыр дагы бир өткүлө» десе, өтө беребиз, окшош эле жыйынтык болот. Себеби бардык келген каражат банк аркылуу жүргүзүлөт. Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар мындан он жыл мурда эле накталай төлөмдү колдонбой калган. Келген каражаттар кайда жумшалып жатканы салык кызматында, соцфонддо ачык эле көрсөтүлүп турат. Биз бир ручка, барак же бир иш-чаранын жол киресине канча кетенине чейин жазабыз. Баары ачык».

Саясий эксперт Бакыт Жумагулов Блинкендин катына президент Жапаровдун жооп берүүсү эки өлкө ортосундагы кызматташууга эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептейт.

«Негизинен кат эки өлкө ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө же кандайдыр бир деңгээлде бузууга негиз болуп бербейт. Ал — АКШнын мамлекеттик катчысы менен президент Садыр Жапаровдун ортосунда болуп жаткан кат алмашуу. Бул жерде маселе мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө болууда. Бул айтылгандар ЖМК, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды кабыл алууда кандайдыр бир таасирин тийгизиши мүмкүн».

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өткөн жылдын 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Ушул жылдын 23-январында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети аны экинчи окууда колдогон.

Эл аралык уюмдар, өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКлар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишине бут тосуларын айтышып, тынчсызданууларын билдирип келишет.

Copyright © 2017 Maral FM